Бишкекте Кыргызстандын мектеп ашпозчулары арасындагы сынактын финалы өтөт

19 ноября 2020 14:48 1084 Barometr
Поделиться в:
ok

 Билим берүү жана илим министрлиги, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) жана Тамак-аш өнөр жай институту тарабынан Кыргызстандын бардык аймактарынан келген мектеп ашпозчулары арасында сынак уюштурулду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин баса сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Бардык коопсуздук чараларын эске алуу менен, мектеп ашпозчулары өздөрүнүн ашпозчулук жөндөмдөрүн көрсөтүп Кыргызстандагы эң мыкты мектеп ашпозчусу наамы үчүн ат салышат.

Ашпозчулардын сынагы 2019 жылдын ноябрь айында башталып, бир нече этапта өткөрүлгөн:

  1. Тандоо - каалаган мектеп ашпозчуларынын баары өз кесибине кантип келгендиги жөнүндө баяндарды жөнөтүшкөн;
  2. Аймактык - эң уникалдуу жана кызыктуу окуялардын 35 автору мектептин менюсу үчүн жаңы тамактын рецептин ойлоп табышты;
  3. Финал - эң оригиналдуу рецепттердин 5 автору финалист болушту.

20-ноябрда финалга өткөн ашпозчулар “2020-жылдын мыкты мектеп ашпозчусу” наамы үчүн ат салышат.

Бул сыяктуу конкурстар мектептерде балдарды тамактандыруу үчүн талыкпай эмгектенген мектеп ашпозчуларынын эмгегин белгилөө мүмкүнчүлүгү болуп саналат. Ашпозчуларга мектептеги менюну түзүүдө, даярдоодо жана тейлөөдө өз чеберчилигин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет жана кесиптик өсүшүнө алып барат.

Ашпозчулардын конкурсу ошондой эле улуттук мектеп тамак-аш программасынын маанилүү аспектиси болуп саналат. 

Программанын алкагында өлкөнүн 700дөн ашуун мектептеринде башталгыч класстын 200 000ге жакын окуучусу сапаттуу жана аш болумдуу ысык тамак менен камсыз кылынат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-kyrgyzstandyn-mektep-ashpozchulary-arasyndagy-synaktyn-finaly-tt



Добавить комментарий