КР жараны эгизинин паспорту менен чек арадан кармалды
Поделиться в:
Чек ара кызматкерлери "Ош-аэропорт" көзөмөл өткөрүү пунктунан Кыргызстандын жаранын чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылганда кармады.
Ага ылайык, Москва — Ош багыты боюнча келип конгон учактын жүргүнчүсү шек жараткан. Көзөмөл өткөрүү пунктунун кызматкери жүргүнчүнүн паспортундагы сүрөт айырмалана турганын аныктаган.
Сурак учурунда кармалган жаран эгизинин паспортун колдонгонун моюнга алган.
Эгиздердин келбети окшош болгону менен айрым деталдары айырмаланган.
Керектүү документтер толтурулган соң кармалган жаран УКМКнын аймактык кызматкерлерине тапшырылган.
Ссылка: https://barometr.kg/egizinin-pasportun-koldongon-zhigit-chek-aradan-karmaldy
Добавить комментарий ×