Джерүйдөгү ичүүчү суунун сапаты текшерилди

1 июля 2021 14:38 2054 Barometr
Поделиться в:
ok

Райондор аралык Талас оорулардын алдын алуу борбору жана Талас областындагы Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлү тарабынан 2021-жылдын июнь айында «Джерүй» өндүрүш участогундагы ичүүчү сууга пландуу анализ жүргүзүлдү.

Пионерный жана Вахтовый поселкаларындагы 12 суу өткөрүүчү жайдан, турак жай корпустарынан жана ашкана имаратынан суунун үлгүлөрү алынды. Үлгүлөр зыянсыздандырылганга чейин жана зыянсыздандырылгандан кийин текшерилди.

“Ичүүчү суунун анализи ал чарбалык жактан жана ичүүгө жарай турган, турмуш-тиричиликке колдонууга боло турган санитардык-гигиеналык талаптарга жооп берерин көрсөттү. Таза суунун сапатын мониторинг кылуу программасы КРнын нормативдик укуктук актылары боюнча иштелип чыккан”,-деп билдирди «Альянс Алтын» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы экологу Елена Кутманова.

Суунун үлгүлөрү квартал сайын КРнын “Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламент” мыйзамынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.


Ссылка: https://barometr.kg/dzherjdg-ichch-suunun-sapaty-teksherildi



Добавить комментарий