ДССУ: Коронавирусту 25 жаштан 41 жашка чейинки адамдар көп жуктуруп жатат
Дүйнөдө COVID-19 илдетин жуктургандардын саны 30 млн адамга жетти . Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму Европа өлкөлөрүндө коронавирусту жуктуруунун учурлары өсүп жатканын эскертет. Онлайн тартипте өткөн маалымат жыйынында ДССУнун Европадагы аймактык директору Ханс Клюгге учурда ооруга көп чалдыгуулар 25 жаштан 41 жашка чейинки адамдардын арасында байкалып жатканын билдирди.
Андыктан ДССУ социалдык аралыкты сактап, беткап тагынууга чакырат.
Коронавирус жуктуруу боюнча алдыды турган өлкөлөр:
АКШ – 6 520 235 (каза тапкандар – 194 081)
Индия – 4 846 427 (каза тапкандар – 79 754)
Бразилия – 4 330 455 (каза тапкандар – 131 663)
Вирусту эң көп жуктурган беш өлкөнүн катарына Россия (1,08 млн) жана Перу (744,400) кирет.
Ссылка: https://barometr.kg/dssu-djnd-koronavirus-zhukturup-aluunun-30-mln-uchuru-kattaldy
Добавить комментарий ×