Дистанттык билим берүү: балдарды окутуу оңой болбой жатат
Кыргызстанда мектептердеги 4-чейрек дистанттык түрдө болорун Билим берүү жана илим министрлиги билдирген. Ага ылайык, эми окуучулар менен мугалимдер окууну аралыктан туруп ишке ашырат.
Министрлик мындай ыкманы окуу процессин үзгүлтүккө учуратпоонун бирден бир жолу экенин айтып ишендирүүдө. Бирок Кыргызстандын бардык аймактары дистанттык билим берүүнү жүргүзүүгө даярбы? Эң башкы суроо мына ушунда болууда. Сабактарды аралыктан туруп өтүүгө бир жума боло элек. Ошентсе да анын көптөгөн көйгөйлөрү менен мугалимдер, окуучулар бетме-бет келишти.
Балдарга дистанттык билим берүүдө баланын оюн телефон, же компьютер аркылуу бир жерге топтоп, жаңы теманы түшүндүрүү канчалык машакаттуу экенин алыскы Ат-Башы районундагы башталгыч класстын мугалими Жапыра (өзүнүн сунушу менен аты өзгөртүлдү) мындайча түшүндүрүп берди.
“Дистанттык окутуу деген болбогон нерсе экен. Менин классымда 26 бала бар. Алардын ар бирине теманы түшүндүрүп берүү үчүн түңкү саат 10-11ге чейин иштегенге туура келип жатат. Балдардын бары бир класста болгондо жаңы теманы түшүндүрүп, түшүнбөй калган баланын жанына барып түшүндүрүү жеңил болчу. Азыр бардыгына жаңы теманы айтып бергенден кийин 26сы 26 ар башка суроо берет. Мисалы көнүгүүлөрдү чыгарганда алардын жоопторун айтсаң “Эже, бул биринчи суроонун жообубу же 5-суроонукубу деп ар кандай суроо берет, түшүнбөй жатат. Окуучулардын бардыгы тема өтүп жатканда сени угуп жатканын да текшерүү кыйын. Себеби аны билбейсиң, көрбөйсүң. Анын дистанттык окуу дегени менен биз WhatsApp тиркемесин эле колдонуп жатабыз”, — деди ал.
Буга чейин билим берүү жана илим министрлиги телеканалдар аркылуу окуучуларга видео сабактар көрсөтүлөрүн билдирген. Бирок бир катар тургундар видеосабакты көргөндө мугалим менен кайтарым байланыш болбогону үчүн аны деле түшүнүү оор экенин белгилешүүдө.
2-класстын окуучусунун апасы Кишимжан (аты өзгөртүлдү) ТВдан көрсөтүлгөн видео сабактар дээрлик натыйжалуу эмес экенин айтууда. Себеби, ал жактан көрсөтүлгөн сабакты окуучу эмес чоң кишилер түшүнбөй калып жатат.
“Телевизордон көрсөтүлгөн сабактар өтө кыска. Ашып кетсе 15 мүнөттөй болуп жатат. Айрым сабактарды балдар эмес биз түшүнбөй калып жатабыз. Балама жардам берейин дейм бирок кээсин өзүбүз түшүнбөй жатсак эмне кылабыз? Чынын айтканда балам менен дистанттык сабак берүү башталгандан бери көп талашып, тартышып жатабыз. ТВдан көрсөтүлгөн сабактан натыйжа болоруна ишенбейм калдым”, — деди ал.
Ат-Башы районундагы мектепте сабак берген мугалимдер дагы дистанттык окутуу ойдогудай болбой жатканын айтышты. Себеби ТВдан көрсөтүлүп жаткан сабакта колдонулган окуу китептеринде айырмачылык бар. Андыктан окуучуларга ТВдан берилген видео сабактарды бышыктап түшүндүрүүдө бир топ кыйынчылыктар орун алууда.
“Мекен таануу же кыргыз тили боюнча сабактарды ала турган болсок. Аябай эле чоң айырма болууда. Менин түшүнүгүм боюнча ар жакта ар башкача план конспект түзүлөт окшойт. Биздин түзгөн план конспектилерге туура келбей жатат. Сабакты түшүндүрүүдө да кыйынчылыктар бар. Бардык эле окуучуларда телефон жок, болсо да WhatsApp тиркемеси жок. Ошентсе да, эптеп ылайыкташтырып жатабыз”, — дейт Ат-Башы районунда мугалим болуп иштеген Сырга.
Буга чейин билим берүү министрлиги бардык окуучуларга дистанттык окууну жеткиликтүү кылуу үчүн атайын платформалар иштелип чыкты дегени менен ал алыскы аймактарга жете элек сыяктуу.
Мугалимдин сабакты WhatsApp аркылуу түшүндүрүүсүн дистанттык билим берүү деп айтууга болобу? Көпчүлүк мугалимдердин айтымында, алар окуучуларга тапшырманы WhatsApp аркылуу берип, кайта жообун WhatsApp аркылуу алышууда. Мындай ыкманын натыйжалуулугу канчалык? Же дистанттык билим берүү WhatsApp менен чектелгенби?
Жыйынтык
Дистанттык билим берүүгө Кыргызстандын бардык аймагы даяр эмес. Аны менен катар ТВдан көрсөтүлүп жаткан видео сабактар бир теманы толук ачып берүүдө аздык кыларын мугалимдер өздөрү айтып жатат.
Коронавирус илдети Кыргызстандын билим берүү системасындагы айрым оркойгон каталарды, кемчиликтерди ачык көрсөтүп берди. Өлкөнүн бардык аймагына интернет байланышын жеткирүү боюнча иштерди тездетүүгө дагы бир түрткү болду.
Ссылка: https://barometr.kg/distanttyk-bilim-ber-baldardy-okutuu-ooj-bolboj-zhatat
Добавить комментарий ×