Динара Сагынбаева үй камагына чыкты

23 мая 2019 10:13 13965 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку соттун басма сөз кызматы мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева үй камагына чыккандыгын билдирди. Анын бөгөт чарасын 22-май күнү, кечинде Биринчи май райондук соту караган.

Белгилүү болгондой экс-министр айым Азиз Батукаевди абактан бошотууга байланыштуу камакка алынган.

Эске салсак, оор кылмыш үчүн соттолгон Азиз Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелде “айыккыс ооруга чалдыкты” деген негизде бошотулган жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Окуя парламентте кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн. Тергөөнүн жүрүшүндө 15-майда мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева камакка алынган. Ошондой эле ага чейин Жаза аткаруу кызматынын жетекчисинин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана ишке тийиштиги бар делген башка беш дарыгер кармалган. Эки дарыгер кайрадан үй камагына чыгарылган. 21-майда болсо мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов кармалды.

Ссылка: https://barometr.kg/dinara-sagynbaeva-j-kamagyna-chykty



Добавить комментарий