Депутаттар жыйынга чогулуп, шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизүү маселесин карашат

21 октября 2020 09:29 895 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 21-октябрда, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында саат 10:30да Жогорку Кеңештин депутаттары жыйынга чогулушат.

Күн тартибинде, шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизүү маселеси каралары күтүлүүдө.

Ошону менен катары эле, шайлоо босогосун 7 пайыздан  5 пайызга чейин төмөндөтүүнү сунушташууда.

Ошондой эле, шайлоо күрөөсүнүн көлөмүн 5 миллион сомдон 1 миллион сомго чейин төмөндөтүү сунушу киргизилет.

Мындан тышкары, шайлоонун жүрүшүндө күмөн жараткан форма №2 документин алып салуу маселеси да каралары айтылууда.

Ссылка: https://barometr.kg/deputattar-kezeksiz-zhyjynga-chogulup-shajloo-myjzamyna-zgrt-kirgiz-maselesin-karashat



Добавить комментарий