Депутат: университеттер студенттерди контракты төлөгүлө деп кыйнап жатат

14 мая 2020 11:36 1665 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев айрым университеттер студенттерди контракты төлөгүлө, төлөбөсөңөр окуудан чыгарабыз деп коркутуп жатканын жалпы жыйында айтты.

Эл өкүлү бул маселе боюнча ага көптөгөн студенттер кайрылып жатканын билдирди.

«Бир жарым ай кишилер иштеген жок, айрымдары дагы деле жумушка чыга элек. Эгер студенттер контракты төлөбөсө экзаменге киргизбейбиз, дипломду бербейбиз, керек болсо окуудан чыгарып коёбуз деп жатыптыр. Мындай таптакыр болбошу керек. Андыктан контракты төлөөгө убакыт берүү зарыл. Эл азыр кантип төлөйт азыр. Студенттерди окуудан чыгарып баштаса эмне болот? Бул ишке кийлигишип, чечип берүү керек”, — деди депутат.

Эске салсак, коронавирус башталгандан бери бардык окуу жайлар карантинге жабылып, окуу дистанттык түрдө жүрүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-universitetter-studentterdi-kontrakty-tlgl-dep-kyjnap-zhatat



Добавить комментарий