Депутат транспорт министрлигине: Лукашенконун айткан сөзүн кабинетке илип алсаңар коррупция токтойт
Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов транспорт министрлигинде коррупция көп экенин парламенттин жалпы жыйынында айтты.
“Министрдин эки орун басары колго түштү. Коррупциядан арыла албады. Министрликтен келгендерге айтар элем, жоопторуңар начар, бүгүн даярданбай келиптирсиңер. Даярданып келгиле. Жакында Лукашенко мындай деп айтты “Лучше быть бедным, но на свободе, чем быть богатым и сидеть тюрме” ошол айткан лозунгду Транспорт министрлигине илип алсаңар балким коррупция токтойт”, — деди депутат.
Өз кезегинде депутат Марлен Маматалиев бүгүнкү жыйында каралып жаткан Автомобиль жолдорунун сакталышын камсыз кылууга багытталган мыйзам долбоору боюнча суроолорго жакында эле колго түшкөн министрдин орун басары менен департаменттин жетекчиси жооп бериши керектигин айтты.
“Жооп бере турган адамдар отурган адамдар болуп жатат. Алар — министрдин орун басары, департарменттин жетекчиси. Азыр алардын ордуна статс-катчы менен министрдин башка орун басары жооп берип жатат”, — деди Маматалиев.
Эске салсак, транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиев 2018-жылы декабрда 520 миң доллар пара талап кылып, анын 50 миң долларын алып жатканда колго түшкөн.
Ал эми быйыл февраль айынын башында транспорт министринин орун басары Жеңишбек Ногойбаев менен автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин башчысы Анарбек Бекмуратов УКМКнын кызматкерлерине мурда козголгон кылмыш ишин токтотуу үчүн 10 миң доллар пара берип жаткан жеринен кармалган.
Добавить комментарий ×