Транспорт министринин орун басары 10 миң доллар пара берип жаткан жеринен кармалды

8 февраля 2020 12:42 947 Barometr
Поделиться в:
ok

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы транспорт жана жолдор министринин орун басары Н.Ж. пара берип жаткан жеринен кармады. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министрдин орун басары менен чогуу автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин башчысы Б.А. дагы кармалган.

“Такталгандай, министрдин орун басары УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлерине мурда сотко чейинки өндүрүшкө фигурант катары катталып, КР транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин кызматкерлеринин кылмыш ишин токтотуу максатында пара берген”, — деп айтылат маалыматта.

Ошол эле күнү, автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин башчысы «Б.А» пара берүүгө катыштыгы бар экендиги аныкталып, кармалды.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар КР Кылмыш жаза кодексинин 328-беренесинин 3-бөлүмү (Пара берүү) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, учурда транспорт жана жолдор министринин орун басары Жеңишбек Ногойбаев, ал эми автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин башчысы Анарбек Бекмуратов экенин эске салабыз.

Ссылка: https://barometr.kg/transport-ministrinin-orun-basary-10-mi-dollar-para-berip-zhatkan-zherinen-karmaldy



Добавить комментарий