Каныбек Иманалиев: "Манас" эпосунан өөн тапкандар өспөйт

5 декабрь 2019 09:54 1762 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Манас” эпосунун өздүк күнүн белгилөө 4 – декабрга туш келген. Анткени, дал ушул күнү улуттук эпосубуз ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине расмий катталган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.  Бул иште кыргыз парламентинин ролу зор. Депутаттар тарабынан “Манас” эпосун сактоо жана өнүктүрүү иштерине байланышкан руханий маданият менен улуттук идеологиянын чегиндеги мамлекеттик саясатты аныктаган мыйзам иштелип чыккан. 

Анын демилгечилеринин бири депутат Каныбек Иманалиев бүгүн, 4 – декабрда “Парламент” радиосунун түз эфиринде болуп, кеңири маалыматтар менен бөлүштү. 

“Манас” – бүтүндөй энциклопедия.  Андан илимдин баардык тармагын табууга болот. Котормочуну талап кылбаган өзгөчөлүү өнөр, - дейт депутат. 

Спорттун, маданияттын башат алган өлкөлөрү так аныкталган сыяктуу эле, эпостордун да булагы болгон өлкө таанылышы керек. Мисалы, Кыргызстан - дүйнөлүк эпосияданын борбору боло алат. Анткени, дүйнө жүзүндө 7 миңдей улут болсо алардын жыйырмасында гана эпос жаралган. Алардын арасында эң көп эпосу бар өлкө, - деп, - Кыргызстанды айтабыз. Ошондуктан, дүйнөлүк эпос таануучулардын съездин 4 – 5 жылда бир Кыргызстанда өткөрүп турсак, - жакшы демилге болмок, - деди депутат Иманалиев.  

Калкыбыздын көөнөрбөс казынасына айланган “Манас” эпосун сырткы күчтөр туш келди жоромолдогон макалаларын газета беттерине жарыялап жибергендигин айткан эл өкүлү,  -  “Литературная газета” басылмасын кошо ала келип, - андагы “Манас” эпосу кезегинде Иосиф Сталиндин буйругу менен жазылган деген жалган жамакты далилдүү негиздер менен четке кагып берди. 

“Керек болсо, “Манас” эпосунун байыркылыгын ушундан билсе болот: аталган чыгарма 1894 – жылы немец тилине которулгандыгын айтсак талашка чекит коюлат. Жөнү жок жөөлөмөшмөйдүн акыры жаман болчу эле. Андай фактылар бар. Ошондуктан, “Манас” эпосунан өөн тапкандар өспөйт”, - дейт Каныбек Иманалиев жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган жагдайларды мисалга тартып.

 

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-kanybek-imanaliev-kyrgyzstan-djnlk-eposiyadanyn-borboru-bolo-alat



Добавить комментарий