Иманалиев: "Болот Шер кыргыз чек-арасын коргоп жатып курман болгон баатырларга окшош"

23 июня 2020 16:16 1794 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев Болот Шерди эскерип, төмөндөгүчө билдирүү калтырды:

"Кечээ күн тутулган күнү, күн тутулган саатта кыргыздын шер уулу, эр уулу Болот Шердин жүрөгү токтоду.

Болот Шер улуттук кайра жаралуунун башында туруп, байыркы кыргыз оюндарынын туу атасы болгон – «көк бөрүнү» кыргызга кайтарып берди.

Боке авторитардык, тоталитардык, коррупциялык жана үй-бүлөлүк режимге каршы күрөшүүнүн туу башында турду.

Болот агабыз Түгөлбай Сыдыкбеков баш болгон Байдылда Сарногоев сыяктуу улуу инсандарыбыздын чыгармачылык көрөӊгөсүнө эбегейсиз эмгек этти.

Болот Эсентаевич коомдук ишмер, мамлекеттик кызматкер, мекенчил уул жана инсан катары улутка жана мамлекетке кызмат кылуунун эӊ жогорку үлгүсүн көрсөтүп кетти.

Саясатта жүрүп далай саясатчыны көрдүм, бирок мекенчил, улут жандуу, кыргыз элине жана жерине болгон чексиз сүйүүсүн иши менен далилдеген, Боке, мен сизди гана билем. Сиз саясатта да кантип адамгерчилүүктү сактай билүүнүн үлгүсүн көрсөттүңүз.

Сиздин намысыңызга доо кеткенде, мына эмесе деп, генерал-лейтенант наамынан, орден- медалдан баш тартып, Жогорку Кеңештен чыгып кеттиңиз, кайра кайтып келген жоксуз.

Бүгүн айтышым керекпи же айтпашым керекпи? Бокенин эки кыз, эки уулунан башка атасындай бөпөлөп багып алган он-он беш уулдары Бишкекте да, Грузияда да атасыз калды. Сиз ушундай айкөл элеңиз.

Бокебиз кыргыздын кымындай да жерин эч кимге бербейм деп, кыргыздын көлүн, аска-тоосун, жер-суусун, чек арасын коргоду.

Боке, сиз мен үчүн, кыргыз эли үчүн ооруп жатып төшөктө кеткен жоксуз, сиз акыркы кашык каны калганча кыргыздын чек-арасын коргоп жатып курман болгон баатырларга окшошсуз.

Акыркы ирет сиз менен 10-июнда жолукканда, жаңы унаа алдым эми кыргыздын кооз жерлерин кыдырып, аска-зоокаларын, тунук булагын, ажайып көлүн кыдырып эс алам дедиңиз эле, бирок аттиң ал күнгө жетпей калдыңыз. Эми улуу тоолор, мөлтүр булактар, көгүлтүр көл, төр, ажайып жайлоолор дайым сизди күтөт, түбөлүк күтөт, анткени сиз ошол жерлерди коргоп жатып жан берген нагыз баатырга окшошсуз.

Биз Сиз менен ийиндеш жүрүп, үзөнгүлөш болгонубузга сыймыктанабыз. Кош болуӊуз, түбөлүк уйкуӊуз тынч болсун. Бүтпөй калган ишиӊизди уланта турган Садык менен Баткендей инилериӊиз, Чыӊгыз менен Аястандай уулдарыӊыз бар."


Мамлекеттик жана коомдук ишмер, милициянын генерал-лейтенанты, макум  Болот Шер менен коштошуу жыйнаты бүгүн өттү. Ага көрүнүктүү эл өкүлдөрү, туугандары, жоро-жолдоштору, үй-бүлөсү катышты. Маркумдун сөөгү бүгүн Талас облусунун Манас районунун Чон-Капка айылына коюлду.

Ссылка: https://barometr.kg/imanaliev-bolot-sher-kyrgyz-chek-arasyn-korgop-zhatyp-kurman-bolgon-baatyrlarga-okshosh



Добавить комментарий