Шайлоого болгон божомол: Садык-Шер-Нияз талапкерлердин дарамети менен аракетине токтолду
Саясатчы Садык-Шер-Нияз президенттикке талапкер Канатбек Исаев Кремлден колдоо таап, Россияда жүрөт деген маалымат укканын айтып чыкты. Бул тууралуу анын соцтармактагы баракчасында жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“Саясатка бир аз анализ:
Садыр Жапаровду эл колдоп турат, бирок акыркы кезде чапырашты жүрүштөрүнөн кийин 5-7 пайыз рейтингин жоготту.
Адахан Мадумаров тынчыраак болуп калды, бирок, бул тынчтыктан артында “биздин уулду кууп чыгышты, биригип жооп беребиз” деген күч топтолуп жатат деген каңшаар бар.
Каныбек Иманалиевдин интеллигенция арасында кадыр баркы чоң, өзү дагы саясый жүрүштөрдүн мастери. Эл аралык мамиледе чыгаан дипломат, бул дагы анын рейтинги көтөрүлүшүнө жардам берет.
Канатбек Исаев азыр Россиядан колдоо тапкандай деген түкшүмөл бар. Москвада жүрөт деген информация бар. Ал колдоо ачыкка чыкса 10-20 пайыз рейтингине даана кошулат.
Саясатчылардын 30-40 пайызы “күтүү позициясында” күч кайсыл жакка оойт деп олтурушат. Алардын ичинде 50 пайызы “мага кызмат тийбей калды” оорусунан айыга электер.
А биз маданиятчылар башыбызды жерге салбайлы, биз дагы алардын арасында жоон топто кетип бара жатабыз. Баарынан кызыгы бизди деле сыйлап үнүбүздү угуп калышкандыгы”, - деп жазды Садык-Шер-Нияз.
Добавить комментарий ×