Депутат Айсулуу Мамашева «Ата Мекен» фракциясына лидер болду
Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясына Айсулуу Мамашева лидер болду. Депутат айым фракциянын бүгүнкү кезексиз жыйынында шайланды. Бул тууралуу ал өзү маалымат каражаттарына билдирди.
Ал мындай окуя күтүүсүз болгонун, шок абалына түшүп калганын айткан. Башчылыкка депутаттар Сайдулла Нышанов менен Садык Шер-Нияздын талапкерлиги көрсөтүлүп, алар 5:5 болуп жеңүүчү аныкталбай калган. Кийин Мамашева жалгыз талапкер болуп көрсөтүлүп, фракциянын көпчүлүгүнүн добушун алып, лидери болуп калган.
Фракцияны буга чейин бакшарып келген Алмамбет Шыкмаматов бүгүн фракциядан чыкканын жарыялап, Борбордук шайлоо комиссиясы анын депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.
Анын ордуна Парламентке Ата Мекен партиясынан Нурбек Сыдыгалиевге депутаттык мандат берилди.
Ссылка: https://barometr.kg/deputat-ajsuluu-mamasheva-ata-meken-frakciyasyna-lider-boldu
Добавить комментарий ×