БШК Шыкмаматовдун ордуна Нурбек Сыдыгалиевге депутаттык мандат берди
Поделиться в:
Бүгүн ишмердүүлүгү токтотулган Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун ордуна Ата Мекен партиясынан Нурбек Сыдыгалиев депутаттык мандат алды.
Мындай чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүнкү отурумунда кабыл алышты. Бул маалыматты БШКнын маалымат кызматынын өкүлү Анарбек Авазбеков билдирди.
Шыкмаматов депутаттык мандатын ташыруу боюнча БШКга кечээ кайрылган эле. БШК бүгүн Алмамбет Шыкмаматовдун депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуп, мандатынан ажыраткан.
Ссылка: https://barometr.kg/bshk-shykmamatovdun-orduna-nurbek-sydygalievge-deputattyk-mandat-berdi
Добавить комментарий ×