Алмамбет Шыкмаматов депутаттык мандатын тапшырды, Ата Мекен партиясынан да кеткени жатат
Депутат Алмамбет Шыкмаматов депутаттык мандатын тапшырып, «Ата-Мекен» партиясынан да чыгат. Бул боюнча ал Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз берди.
Бул маалыматты БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов тастыктады.
Шыкмаматов мындай чечимди кабыл алуу ал үчүн оор болгонун маалымат каражаттарына айткан. Алмамбет Шыкмаматов өзүнүн партиядан чыкканын «Ата-Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаев менен пикир келишпестигине байланыштуу болгон деп түшүндүргөн.
“Албетте, мен өз партиялаштарыма жана анын лидери Текебаевге сыйым жогору. Текебаев кандай болгон күндө да, тарыхий адам жана харизмалуу саясатчы. Ага каршы туруу мен үчүн оорго турду. Ал саясий жүрүштөрдө эң мыкты комбинациялык жүрүштөрддү жасоого өзгөчө жөндөмдүү инсан. Мен андан көп нерсени үйрөндүм— деп айтат Шыкмаматов.
Шыкмаматов ошондой эле, «Текебаев менен болгон пикир келишпестиктен улам, «Ата-Мекенден» кетип калам деп үч уктасам да түшүмө кирген эмес болчу», — деген пикирин кошумчалайт.
Добавить комментарий ×