Чубак ажыга арналып “Атыңыз жашайт” аттуу ыр жазылды (Видео)

17 июля 2020 11:20 4576 Barometr
Поделиться в:
ok

Белгилүү аалым Чубак ажы Жалиловдун жаркын элесине арналган чыгарма жарык көрдү. Бул тууралуу ырчы Кызсайкал Кабылованын берген маалыматына таянып «Барометр» билдирет.

Дин аалымы, Кыргызстандын мурдагы муфтийи Чубак ажы Жалиловго арналып жазылган чыгарма видео тасмасын менен даяр болду. Анда дин аалымынын зор эмгеги сүрөттөлүп, анын ысымы түбөлүккө жүрөктөрдө кала тургандыгы айтылат.

“Клип чыкты, көрүп коюңуздар. Сизди жакшы көрөбүз, эч качан унутпайбыз”, - деп жазган ырдын аткаруучусу Кызсайкал Кабылова.

“Атыңыз жашайт” аттуу чыгарманын сөзүн Жылдызбек Турсунбаев, обонун Ильяз Абдыразаков жараткан.

“Аткан ок болчу насааты, адамдын эле тазасы. Акылын айтып жалпыга, асылын иштин жасачу”, - деп ырдалат чыгармада.

Эскерте кетсек, белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалилов 10-июлдан 11-июлга караган түнү Улуттук госпиталда жан берди. Дарыгерлердин айтымы боюнча ал пневмонияга кабылган. Аалыдын сөөгү туулуп өскөн Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылына коюлду.

Ссылка: https://barometr.kg/chubak-azhyga-arnalyp-atyyz-zhashajt-attuu-yr-zhazyldy-video



Добавить комментарий