Белгилүү аалым Чубак ажы Жалилов пневмониядан көз жумду

11 июля 2020 09:42 1899 Barometr
Поделиться в:
ok

Белгилүү аалым, мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов пневмониядан көз жумду. Бул тууралуу Мусулмандар дин башкармалыгына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Дүйнө таанымы кең, белгилүү аалым Чубак ажы Жалилов 11-июлга караган түнү Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталга оор абалда келген.

Маалыматка ылайык, аалым ооруканага жеткирилгенден кийин ага дем алдыруучу аппарат туташтырылган. Бирок, дарыгерлердин кылган аракетине карабай Чубак ажы кайтыш болду.

Буга чейин Чубак ажы пневмонияга кабылып, үй шартында даарыланып жаткан.

Белгилей кетсек, Чубак ажы Жалилов 1975-жылы 21-январда Ош облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Мундуз айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

“Барометрдин” жалпы жааматы Чубак ажы Жалиловдун үй-бүлөсүнө, бир туугандарына, жалпы мусулман элине терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

Ссылка: https://barometr.kg/belgil-aalym-chubak-azhy-zhalilov-pnevmoniyadan-kz-zhumdu



Добавить комментарий