Чубак ажынын сөөгү апасынын жанына коюлду (Сүрөт, видео)
Дин аалымы Чубак ажы Жалиловдун сөөгү туулуп өскөн Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылына коюлду. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматына таянып “Барометр” билдирет.
Аты бир гана Кыргызстанга эмес, бүткүл Азияга тараган аалымдын сөөгү апасынын жанына коюлду.
Тажияга өлкөнүн булуң-бурчунан миңдеген киши келди. Андагы беш гектар жерге жаназа окулду. Коштошуу зыйнатына катышкан жарандардын баары бет кап тагынып, социалдык аралыкты сакташты.
Белгилей кетсек, сөөк бүгүн, 11-июлда саат 20:30дарда айылга жеткирилди.
«Жаназа намазын Кыргызстандагы Ислам университетинин ректору, Чубак ажынын үзөңгүлөшү Абдышүкүр Нарматов окуду. Андан соң коргоочу кийим кийген адамдар табытты көтөрүп кетишти. Калың элге мүрзөгө барууга уруксат берилген жок», - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле, Чубак ажыга Бишкек шаарында да жаназа намазы окулган.
Эскерте кетсек, белгилүү дин аалымы 11-июлда Улуттук госпиталда жан берди. Дарыгерлердин айтымы боюнча ал эки тараптуу пневмонияга кабылып, ооруканага түштү.
Белгилей кетсек, Чубак ажы Жалилов 1975-жылы 21-январда Базар-Коргон районунун Мундуз айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. 1996-жылы Кыргызстандагы Ислам университетин бүтүргөн. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде араб тилинен сабак берген. 2000-2006-жылдары Сауд Аравиядагы Эл аралык "Умм ал-Кур" университетинде жогорку билим алган.
Ссылка: https://barometr.kg/chubak-azhynyn-sg-apasynyn-zhanyna-koyuldu-st-video
Добавить комментарий ×