Чаткал районунун Терек-Сай айылынын 300гө жакын жашоочулары митингге чыгышты
Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айылынын 300гө жакын жашоочулары митингге чыгышты. Бул тууралуу Barometr.kg сайтына жергиликтүү тургундар билдиришти.
Алар: "Кармап кеткен 15тей жердештерибизди чыгарсын. Биз бул жерде түрктөрдүн иштешине каршыбыз"-дешти.
Эске салсак, 2018-жылдын 5-ноябрында Жалал-Абад облусу боюнча “Шумкар” атайын багыттагы полкунун кызматкерлери Чаткал районунун Терек-Сай айылынын “Эти Бакыр Терек-Сай” алтын кен иштетүүчү аймакта кызматын өтөө учурунда 15ке жакын жергиликтүү тургуну милиция кызматкерлерине карата күч колдонушканы тууралуу айтылган. Ошол учурда өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жатышкан ички иштер органдарынын кызматкерлери денелеринен ар кандай жаракаттарды алышкан. Андыктан убактылуу жайга камалды деген маалымат берилген эле.
Добавить комментарий ×