Солтон-Сарыдагы алтын кен комбинаттын жумушчусу сууга түшүп кетип, эки күндөн кийин сөөгү муз алдынан чыгарылды

7 апреля 2023 15:22 1514 Barometr
Поделиться в:
ok

Нарында кен казуучу комбинаттын жумушчусу жүк ташуучу унаасы менен сууга түшүп кетип, эки күндөн кийин сөөгү муз алдынан чыгарылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, Нарын районунун Солтон-Сары жайлоосунда иштеп жаткан  алтын кен комбинаттын 31 жаштагы жумушчусу Ж.А. 5-апрелде жүк ташуучу унаа менен сууга түшүп кеткен.

“Кырсык катталган жерде Нарын облустук башкармалыгынын, шаардык жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн, Кочкор райондук ӨК бөлүмүнүн суучул-куткаруучусу жана куткаруучулар издеп-куткаруу иштерин аткарышты.

Алардын тынымсыз аракетинен соң 7-апрелде саат 09:12де жогоруда аталган жарандын сөөгү муздун астынан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти”, -деп айтылат маалыматта.                                                                                                                                                                  


Ссылка: https://barometr.kg/solton-sary-zhajloosunda-altyn-ken-kombinattyn-31-zhashtagy-zhumushchusu-unaasy-menen-suuga-tshp-ketip-eki-kndn-kijin-sg-muz-aldynan-chygaryldy



Добавить комментарий