Жалал-Абаддагы 14 жергиликтүү тургун эмнеге камакка алынганын милиция айтты

3 декабря 2018 16:31 917 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Милиция кызматкерлерине  карата зомбулук көрсөтүшкөн Терек-Сай айылынын 14 жергиликтүү тургундары  кармалышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматта жазылгандай, 2018-жылдын 5-ноябрында   Жалал-Абад облусу боюнча  “Шумкар”  атайын багыттагы полкунун  кызматкерлери  Чаткал районунун Терек-Сай айылынын “Эти Бакыр Терек-Сай” алтын кен иштетүүчү аймакта кызматын өтөө учурунда  14  жергиликтүү тургун милиция кызматкерлерине карата күч колдонушкан. Ошол учурда өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жатышкан ички иштер органдарынын кызматкерлери  денелеринен ар кандай жаракаттарды алышкан.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө окуя болгон жерден (Эти Бакыр Терек-Сай алтын кен иштетүүчү аймакты көзөмөлдөөчү видео камерадан) видео алынган. Аталган видео изилденип, милиция кызматкерлерине карата күч колдонушкан бардык 15 жарандын өздүгү такталган.

 Жогоруда такталган бардык жарандар тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматына алынып келинген жана убактылуу жайга киргизилген. 

Азыркы учурда аталган кылмыш иши боюнча  ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. 

Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadda-miliciya-kyzmatkerlerine-karata-zombuluk-krstshkn-15tej-zhergilikt-turgundar-kamaldy



Добавить комментарий