"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тарапташтары кайрадан соттун алдына митингге чыгышты

9 сентября 2020 11:33 517 Barometr
Поделиться в:
ok



Бүгүн, 9-сентябрда Бишкек административдик сотунда "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын БШКнын чечимине каршы доо арызын кароо улантылат.

Учурда Бишкек административдик сотунун имаранына "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тарапташтары чогулуп соттун акыйкат чечимин күтүп турушат.

7-сентябрдагы сот партия мүчөлөрүнүн БШКнын мүчөлөрү Кайрат Осмоналиев менен Атыр Абдрахматованы күбө катары чакыртуу өтүнүчүнөн кийин жылдырылган.

Борбордук шайлоо комиссиясы 3-сентябрда шайлоого саясий партиялардын тизмесин каттаган. БШКнын жыйынында жумушчу топ “Бүтүн Кыргызстан” партия "талапкерлерди аныктоодо эреже бузган" деп таап, партияны каттоодон баш тартуу сунушун берген. Жыйынтыгында БШКнын мүчөлөрү жумушчу топтун сунушун колдоого алып, “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясын каттоодон баш тартышкан. БШКнын чечимин «саясий чечим» деп баалаган “Бүтүн Кыргызстан” партиясы сотко кайрылган.

Ссылка: https://barometr.kg/btn-kyrgyzstan-partiyasynyn-taraptashtary-kajradan-bishkek-administrativdik-sotunun-aldyna-mitingge-chygyshty



Добавить комментарий