БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова добуш берди

4 октября 2020 14:18 467 Barometr
Поделиться в:
ok

Парламенттик шайлоого Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын добуш берди. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Кант шаарындагы Y. Ваккера атындагы орто мектебиндеги No7139 шайлоо участогунда добуш берди.

Белгилей кетсек, бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп жатат.

Саат 12:00гө карата 624 миң 598 шайлоочу добуш берилген.

"Жалпы 17,73 пайыз шайлоочу добуш берди. Бишкек шаарында 84 миң 106, Ош шаарында 37 миң 860, Жалал-Абад облусунда 125 миң 225, Ысык-Көл облусунда 47 миң 971, Нарын облусунда 32 миң 260, Ош облусунда 120 миң 423, Талас облусунда 28 миң 130, Чүй облусунда 99 миң 13, Баткен облусунда 49 миң 610 шайлоочу добуш берди", - деди БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова.

Чет өлкөлүк шайлоо участкаларынан маалымат күтүп жатканын айтты.

Ссылка: https://barometr.kg/bshknyn-trajymy-nurzhan-shajldabekova-dobush-berdi



Добавить комментарий