БШКга күч органдары тинтүү жүргүзүп, тийиштүү документтерди алып кеткени кабарланды
Бүгүн, 24-октябрда Ички иштер министрлигинин кызматкерлери БШКга келип, имаратты тинтип, андагы болгон баардык документтерди алып кеткени жатышканы маалым болду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү социалдык тармакка жарыялады.
"БШКны жазалоону чечиштиби? 5-бөлүмдүн кызматкерлери келди, алар бардык документтерди текшерип алып кеткени жатышат! Алар жалгыз көзкарандысыз конституциялык органды бузууну чечишти", - деп жазган ал.
Белгилей кетсек, БШКга күч органдары ушуну менен экинчи жолу келип жатышат. Буга чейин алар БШК мүчөлөрүн мажбурлап суракка алууга аракет кылышкан. Тергөө органдарынын бул аракети коомчулук тарабынан, ошондой эле Акыйкатчы тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу катары сүрөттөлүп, БШК көз карандысыз орган экендиги айтылган.
Ссылка: https://barometr.kg/bshkga-kch-organdary-tint-zhrgzp-tijisht-dokumentterdi-alyp-ketkeni-kabarlandy
Добавить комментарий ×