БШКга 194 талапкер шайлоого катышууга билдирме берди

11 октября 2021 11:05 1530 Barometr
Поделиться в:
ok

Парламенттик шайлоого өзүн көрсөткөн талапкерлердин саны көбөйүп жатат. 194 талапкер билдирме берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына таянуу менен “Барометр” билдирет.

Билдирме бергендердин арасында азыр иштеп жатышкан депутаттар  Аалы Карашев (№12 Өзгөн шайлоо округу) жана Өмүрбек Бакиров (№ 4 Көк-Жар шайлоо округу) бар.

БШК баардык талапкерлер жана саясий бирикмелер документтерин 18-ноябрь, саат 18.00гө чейин толук тапшыруулары керек экенин эскертти.

Шайлоо 28-ноябрга белгиленген, анда 54 депутат  пропорционалдык система, 36 депутат мажоритардык система менен шайланмакчы.

Ссылка: https://barometr.kg/bshkga-194-talapker-shajloogo-katyshuuga-bildirme-berdi



Добавить комментарий