Шайлоого бир мандаттуу округдардан 300 талапкер ат салышууда

12 ноября 2021 13:58 3014 Barometr
Поделиться в:
ok

Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссия бир мандаттуу шайлоо округдарынан ат салыша турган 321 талапкерди каттаган болчу. Анын ичинен 21 талапкер шайлоого катышуудан баш тартканы тууралуу арыз беришти. Бул тууралуу аталган ведомствого таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

Ошентип бүгүн, 12-ноябрга карата 300 талапкер шайлоого катышмай болду.

Областтар боюнча алганда талапкерлердин саны төмөнкүдөй:

Баткен областында - 37 талапкер,

Ош областында - 50 талапкер,

Жалал-Абад областында - 45 талапкер,

Талас областында - 13 талапкер,

Чүй областында - 60 талапкер,

Бишкекте- 27 талапкер,

Нарын областында - 28 талапкер,

Ысык-Көл областында- 39 талапкер шайлоого ат салышып жатат.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо 28-ноябрга белгиленген.54 депутат саясий партиядан, 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарынан мажоритардык система боюнча шайланмакчы.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/shajloogo-bir-mandattuu-okrugdardan-300-talapker-salyshuuda



Добавить комментарий