Талапкер Кубат Мамыровго арызданышкан. Бирок мыйзам бузуу болгон жок
Борбордук шайлоо комиссиясына Чүй-Кемин бир мандаттуу округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Кубат Мамыровго карата арыз беришкен.
Негизинен сөз карылар үйүндө жашаган улгайган адамдар менен Кубат Мамыровдун түшкөн сүрөтү жөнүндө болуп жатат.
Barometr.kg тактагандай, бул сүрөт 2021-жылдын 1-октябрында тартылган эски сүрөт. Карылар күнүндө Кубат Мамыров жергиликтүү кеңештин депутаты катары карыларды куттуктап сөз сүйлөгөн.
Материалдык көмөктү Карылар үйүнө "Кемин Ынтымагы" уюму көрсөткөн, ал эми Кубат Мамыровду иш-чарага жергиликтүү кеңештин депутаты катары гана чакырышкан.
Белгилей кетчү жагдай Кубат Мамыров 1-октябрда депутаттыкка талапкер болгон эмес.
БШКга ал 13-октябрда гана арыз берген жана үгүт эрежелин бузган эмес.
Белгилүү болгондой үгүт эрежеси БШКга талапкер катталгандан кийин гана аракетке кирет.
Кубат Мамыров бир мандаттуу округдан БШКга талапкер катары 2021-жылдын 24-октябрында катталган.
Мындан тышкары, мыйзамга ылайык, жергиликтүү кеңештин депутаты анын талапкерлигин депутаттыкка каттаган учурда дагы өзүнүн ыйгарым укуктарын токтотпойт.
Ссылка: https://barometr.kg/talapker-kubat-mamyrovgo-aryzdanyshkanbirok-myjzam-buzuu-bolgon-zhok
Добавить комментарий ×