БШК: Шайлоо өз убагында өткөрүлөт

4 июля 2020 14:00 1257 Barometr
Поделиться в:
ok

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) быйыл Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону эпидемияга карабастан өткөрүү тууралуу чечиминин себебин айтты. Бул тууралуу Нуржан Шайлдабекованын берген маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Кечээ, комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, шайлоону өз убагында өткөрүү демократиялык өлкө үчүн маанилүү талап экенин айтты:

«Албетте, азыркы кырдаал жөнөкөй эмес. Көптөгөн адамдар коронавирус пандемиясынан улам кооптонуп жатышат. Конституцияда жана шайлоо жөнүндөгү мыйзамда «шайлоо милдеттүү түрдө жана мөөнөттүү негизде өтүп турушу керек» деп жазылган. Бул талаптарды сактоо - ар бир мамлекеттин туруктуу өнүгүшүнүн маанилүү шарты. Бул эл аралык стандарт. Өлкө шайлоону өз маалында өткөрүүгө умтулушу - демократиялык мамлекеттин маанилүү белгиси».

Шайлдабекова азыркы шартта шайлоону элдин саламаттыгын коргоп жана шайлоочулардын да, талапкерлердин да шайлоо укуктарын толук камсыз кылып өткөрүү милдети коюлганын кошумчалады.

Эскерте кетсек, Сооронбай Жээнбеков кезектеги парламенттик шайлоону 4-октябрда өткөрүү боюнча жарлыкка кол когон.


Ссылка: https://barometr.kg/bshk-shajloo-z-ubagynda-tkrlt



Добавить комментарий