БШК партияларды каттоодон өткөрүп жатат. Учурда 15 партия каттоодон өттү

3 сентября 2020 20:41 2040 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 3-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 4-октябрдагы парламенттик шайлоого катышууга документ тапшырган бардык 17 партияны каттоодон өткөрүп жатат.

Азыркы учурда саат 20:30га чейин БШК  “Мекен Ынтымагы”, “Мекенчил”, “Ыйман Нуру”, “Чоң Казат”, “Реформа”, “Республика”, “Социал-демократтар”, “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Ордо”, “Кыргызстан” саясий партияларынын тизмесин каттады.

Эскерте кетсек, бүгүн, 3-сентябрда БШК партиялардан талапкерлердин тизмесин каттоону аяктап, 4-сентябрда үгүт иштери башталат.

 Кечээ, 2-сентябрда БШК “Ата Мекен”, “Замандаш”, “Бир Бол”, Афганистан согушунун ардагерлеринин жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы” партияларын каттоодон өткөргөн.

Ссылка: https://barometr.kg/bshk-partiyalardy-kattoodon-tkrp-zhatat-uchurda-15-partiya-kattoodon-tt



Добавить комментарий