БШК: “Мекеним Кыргызстандын” талапкери концерттик иш-чара уюштурганы үчүн айып пул салынды
Кыргызстандын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына “Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер Кылычбек Исамамбетов Нарын облусунда концерт өткөрүп, иш-чарага жашы жете элек кызды ырдатып жатат деген арыз түшкөн. Анын негизинде “Бузуулар жөнүндө” кодекстин “Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу” деген 44-беренесине ылайык айып пул салынат. Мындай чечим БШКнын 14-сентябрындагы отурумунда кабыл алынды. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
БШКга Жусупов аттуу жаран арыз менен кайрылган. Берилген арызда белгиленген чектөө чараларына карабастан, “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы концерт өткөрүп жатканы айтылат. Ошондой эле арыз ээси ырчы кыздын жаш курагы да суроо жаратып жаткандыктан териштирип, баа берүү зарыл экендигин көрсөткөн.
Жумушчу топтордун биргелешкен жыйналышынын жүрүшүндө “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү көрсөтүлгөн иш-чара Нарын облусунун Баетов айылында өткөрүлгөнү анык экенин, бирок бул тууралуу партия жетекчилигинин кабары болбогонун, жаза чарасын партияга эмес, талапкердин өзүнө колдонуу керектигин айтышты.
БШК жыйналышында талапкер Исмамбетовдун маалыматы угулду, ал шайлоочулар менен жолугушууда ага билгизбей туруп музыкалык аткарууга жол берилгенин, аны ал токтотконун мойнуна алды.
БШК материалдарды карап чыгып, “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан талапкер Исмамбетовду үгүттөө эрежелерин бузгандыгы үчүн администрациялык жоопкерчиликке тартуу жөнүндө чечим чыгарды.
Быйыл коронавирус пандемиясына байланыштуу үгүт учурунда стадиондордо жана көчөлөрдө концерт, жолугушуу, спорттук иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган. Дебаттарды өткөрүүгө көбүрөөк убакыт бөлүнгөн.
Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. 4-сентябрда бир айлык үгүт иштери башталды. Шайлоого 16 саясий партия катышууда.
Добавить комментарий ×