БШК аймактарга шайлоо бюллетендерин жөнөттү

25 сентября 2020 10:13 660 Barometr
Поделиться в:
ok

24-сентябрда “Учкун” имаратында шайлоо бюллетендери Кыргызстандын жети облусуна жана аймактарына тапшырылды. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Жалал-Абад облусуна – 643 777 бюллетень, Ош облусуна– 682 673, Баткен облусуна – 284 300, Нарын облусуна – 176 203, Ысык-Көл облусуна – 290 766, Талас облусуна – 149 008, Чүй облусуна – 586 669 бюллетень жөнөтүлдү.

Бардыгы- 3 523 532 бюллетень даярдалган. Мындан тышкары 5 928 бюллетень Брайль тамгасы менен даярдалган.

Шайлоо бюллетени коргоонун жогорку баскычына ээ, автоматтык эсептөөчү урна (АЭУ) ар бир бюллетенди таануусу үчүн ага атайын коргоочу боек сүйкөлөт.

Маалымат үчүн: Нормага туура келбей жарабай калгандарын бөлүп салгандан кийин типография шайлоо бюллетендерин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө акт боюнча өткөрүп берет. Шайлоо бюллетендерин КР БШКнын үчтөн кем эмес мүчөлөрүнүн, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, типографиянын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда  өткөрүп бергенден кийин, жарабай калган жана ашыкча шайлоо бюллетендери жок кылынат. Бул тууралуу акт түзүлүп, ага бардык катышуучулар кол коюшат.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо бюллетендерин аймактык шайлоо комиссияларына акт боюнча өткөрүп берет. Саясий партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү шайлоо бюллетендерин өткөрүп берип жатканда катыша алышат.

Шайлоо бюллетендерин типографиянын имаратынан, шайлоо комиссияларынан имараттарынан алып чыгууга, ошондой эле шайлоо бюллетендерин конституциялык мыйзамды бузуу менен көчүрмөлөп жана таратууга тыюу салынат.

Шайлоо бюллетендери коопсуздукту камсыз кылуу менен атайын байланыш кызматы аркылуу жиберилет. 

Ссылка: https://barometr.kg/bshk-ajmaktarga-shajloo-byulletenderin-zhntt



Добавить комментарий