Британияда бөтөлкөгө толтурулган аба сатыла баштады

24 декабря 2020 09:44 3664 Barometr
Поделиться в:
ok

Британиялык My Baggage компаниясы мекенин сагынган британдыктар үчүн бөтөлкөдөгү абаны сатып баштады. Бул тууралуу  аталган компаниянын сайтындагы маалыматка шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

My Baggage - 2009-жылдын аягында негизделген жүк жеткирүү компаниясы. Компаниянын кызматтарын студенттер, чет өлкөлүк студенттер, саякатчылар, спорттук командалар, чет өлкөгө саякаттап жүргөн куралдуу күчтөр колдонушат.

Учурда, компания чет өлкөлөрдө жашаган британ жарандарына өз өлкөсүнүн жытын сагынганда бөтөлкөгө толтурулган аба сатып баштады. Ошону менен катары эле Англиядан, Шотландиядан, Уэлстен жана Түндүк Ирландиядан алынып келинген "чыныгы" абанын бөтөлкөлөрүн сатууда. Сыйымдуулугу 0,5 литрлик аба 33 АКШ доллары турат.

Кардар өзүнүн туулган жеринин абасынан сагынган сайын бөтөлкөнү ачып, абадан дем алып турса болот.

Улуу Британиянын төрт регионунан тышкары, компания кардар каалап буюртма берген башка өлкөлөрдүн премиум таза абаларын да сата баштайт.

My Baggage командасы бөтөлкөдөгү аба линиясын ишке киргизүүнү адамдын жыт сезүү сезимин эмоционалдык эскерүүлөр менен байланыштырган изилдөөлөрдөн кийин чечишкенин түшүндүрүштү. Бөтөлкөдөгү аба салттуу ыкмалар менен жыйналат жана Улуу Британиянын даамдарын сездире алат, дешти алар.

"Биз чет жакта жашаган адамдарга, айрыкча, пандемиянын учурунда, үйү менен байланышты калыбына келтирүүгө жардам бергибиз келген. Жарыяланган изилдөөлөр көрсөткөндөй, сагынганда жытын искеп коюу чоң жардам берет", - деди компаниянын өкүлү.

 Жамаат бул кызмат чоң суроо-талапка ээ болуп, миңдеген адамдар үйүнөн алыста жүргөндө кусалыгына жардам берет деп ишенишет.

Ссылка: https://barometr.kg/britaniyada-btlkg-tolturulgan-aba-satyla-bashtady



Добавить комментарий