"Гарри Поттер" тасмасынын жылдызы Хелен Маккрори каза болду

17 апреля 2021 10:44 2300 Barometr
Поделиться в:
ok

“Гарри Поттер” кинотасмасында Нарцисса Малфойдун жана Анна Каренина телесериалында башкы ролдо ойногон британиялык актриса Хелен Маккрори 52 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу актрисанын жолдошу Дэмиэн Льюистин инстаграм баракчасына жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

"Хелен Маккрори көп жылдар боюу ракка каршы баатырдык менен күрөшүп жүрүп, каза болду. Ал абдан сулуу жана күчтүү аял эле. Ал достору жана үй-бүлөсүнүн курчоосунда көз жумду. Ал мурда кандай болсо, ошол сулуу бойдон коркпой каза болду", - деди актрисанын жолдошу Дэмиен Льюис.

Хелен Маккрори Лондондо туулган.  Актриса коомчулукка атайын агент Джеймса Бондун "007: Координаты "Скайфол", "Ван Гог. С любовью, Винсент", "Джейн Остин" жана "Хранитель времени" аттуу тасмаларындагы ролдору менен таанымал болгон.




Ссылка: https://barometr.kg/garri-potter-zhana-ostrye-kozyrki-tasmalarynyn-zhyldyzy-helen-makkrori-kaza-boldu



Добавить комментарий