Боршайком депутаттыкка аттанып жаткан 3 партиядан 8 талапкерди тизмеден чыгарды

8 сентября 2020 09:56 4304 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 8-сентябрда БШК шайлоого аттанып жаткан партиялардын тизмесинде катталган кээ бир талапкерлерди андан чыгарды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы берген маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

Маалыматка ылайык, "Ыйман Нуру" партиясынан алты, "Ата Мекен" жана Социал-Демократтар партияларынан бирден талапкерлер партиялар берген арызынын негизинде тизмеден алынган.

"Ата Мекен" партиясы - Алымбеков Дастан Алымбекович;

Социал-Демократтар - Окенов Эрмек Төлөгөнович;

"Ыйман Нуру" партиясы - Ильичбек Эргешов, Нияз Сарыев, Молдожаш Турдукулов, Шумкар Пазылов, Жаныбек Заирбеков, Алтынай Уранбекова.

Маалыматта бул чечим “Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын 61-беренесинин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамдын 6-7-18-беренелеринин негизинде, партиялардын жазуу түрүндөгү катынын негизинде жана Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоодо саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун чечимин эске алуу менен кабыл алынганы айтылат.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрга белгиленген.

Ссылка: https://barometr.kg/borshajkom-deputattykka-attanyp-zhatkan-3-partiyadan-8-talapkerdi-tizmeden-chygardy



Добавить комментарий