Боронов менен Жунушалиев Солтон-Сарыга жөнөп кетишти
Биринчи вице-премьер-министр Солтон-Сары кенине жакын жайгашкан айылдардын жашоочулары менен жолугушмакчы. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов жана Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Нарын облусуна жөнөп кетишти. Мында алар ал жактагы айылдардын Солтон-Сары кениндеги чет өлкөлүк алтын иштетүүчү компаниянын ишин токтотуу үчүн чыгып жаткан жашоочулары менен жолугушмакчы.
Жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуунун жүрүшүндө биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов каршылашкан эки тараптын тең бардык жүйөлөрүн угуп, түзүлгөн кырдаалды чечүү жолдорун аныктамакчы.
Ссылка: https://barometr.kg/boronov-menen-zhunushaliev-solton-saryga-zhnp-ketishti
Добавить комментарий ×