Мурунку өкмөт башчы Кубатбек Боронов ооруканага жатып калды

3 декабря 2020 12:10 1736 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Кубатбек Боронов ооруканага жатып калганы кабарланууда.

Маалыматка ылайык, мурунку өкмөт башчы коронавирус илдетин жугузуп алган.

Учурда, Боронов Республикалык инфекциялык ооруканада дарыланып жатат.

Эске салсак, Боронов Кыргызстандын жыйырма төртүнчү премьер-министри болуп 2020 жылдын 17-июлдан 9-октябрга чейин иштеген.

Ссылка: https://barometr.kg/murunku-kmt-bashchy-kubatbek-boronov-oorukanaga-zhatyp-kaldy



Добавить комментарий