Биз таза Кыргызстан үчүн! РСК Банктын кызматкерлери бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүндө өз салымдарын кошот

14 сентября 2018 13:30 1176 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

15-сентябрда бүткүл дүйнө жүзүндөгү ыктыярчылар  айлана-чөйрөнү жакшыртууга, жаратылышты тазартууга  бир аз болсо да салым кошуу максатында акция уюштуруп келет. Бул жолу Кыргызстан дагы жаратылышты коргоо, тазалыкты сактоо ниетинде биринчи жолу акцияга катышат. Кыргызстандагы мекемелердин ичинен РСК Банктын кызматкерлери дагы өз салымдарын кошуп, тазалык үчүн Кыргызстандын бардык булуң-бурчтарындагы жети дубандагы филиалдардын кызматкерлери субботникке чыгышат. Ошондой эле, тазалыкты сактап, айлана-чөрйөнү коргоо боюнча өз өлкөсүнө салым кошкусу келген каалоочуларды банктын кызматкерлери өз катарына  кошулууга чакырат. 

Бизди курчап турган айлана-чөйрөнүн тазалыгы, экологиянын уникалдуулугу ар бирибиздин ден-соолугубуз үчүн, өзүбүз үчүн маанилүү нерсе.

Биз таза Кыргызстан үчүн!



Ссылка: https://barometr.kg/biz-taza-kyrgyzstan-chn-rsk-banktyn-kyzmatkerleri-btkl-djnlk-tazalyk-knnd-z-salymdaryn-koshot



Добавить комментарий