“РСК Банктын” башчысы: эл той өткөрүүгө насыя албай калды
“РСК Банктын” башчысы Азизбек Оморкулов акыркы кездери көйгөй жараткан насыя алуучулардын саны азайганын бүгүн, 4-февралда, журналисттер менен болгон жолугушууда айтты.
“Соңку кездери Кыргызстанда элдин финансылык сабаттуулугу артып баратат. Андыктан насыяларды кайтаруу өз учурунда ишке ашууда. Бизнести өнүктүрүү үчүн алынган насыялар дайыма кайтарылат. Ал эми стартап үчүн алынган насыялардын тобокелчилиги чоң. Эл той өткөрүү үчүн насыя албай калды, азыр кишилер насыяны кантип колдонушту жакшы өздөштүрүп калышты. Жеке чыгымдарын жабуу үчүн насыя алышпайт”, — деди Оморкулов.
Ал “Барометр” сайтынын журналистинин суроосуна жооп берип жатып, пенсионерлер үчүн кандай жеңилдиктер каралганын айтып берди.
“Пенсионерлер бизге ишенип, биздин банк туруктуу экенин айтышат. Анткени банктын акциясы мамлекетке тиешелүү. Пенсионерлердин ишенимине кирүү үчүн “РСК Банк” жылдарды коротту. Банктын кызмат көрсөтүүсүн жакшыртуу үчүн пенсионерлердин сунуштары биз үчүн абдан маанилүү. Банк пенсионер-кардарларга абдан маани берет. Буга чейин биз пенсионерлерге ыңгайлуу кылуу үчүн аларды SMS-билдирүү аркылуу кабардар кылчубуз. Тигил же, бул банктын филиалына кезек күткөндөр көп болгондо пенсионерлер көпкө кезек күтпөшү үчүн башка филиалдарга бекер алып-барып турабыз”, — деди ал.
Ссылка: https://barometr.kg/rsk-banktyn-bashchysy-el-toj-tkrg-nasyya-albaj-kaldy
Добавить комментарий ×