Азиз Оморкулов: “РСК Банктын” мобилдик банкинг кызматын 40 миң кардар колдонот

4 февраля 2020 15:08 1062 Barometr
Поделиться в:
ok

“РСК Банк” пост-терминалдардын санын көбөйтөт. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда, журналисттер менен болгон жолугушууда банктын башкаруучулугунун төрагасы Азиз Оморкулов билдирди.

Учурда жалпы республика боюнча “РСК-Банктын” 1200 пос-терминалы бар. Анын 300ү Бишкек шаарына коюлган.

“Биздин пос-терминалдар республиканын бардык аймагына коюлган. Айрым алыскы аймактарда мындай кызматтарга суроо-талап деле жок. Бирок биз пост-терминалдарды колдонуу канчалык ыңгайлуу экенин түшүндүрүү үчүн ар кандай акцияларды уюштуруп жатабыз”, — деди ал.

Оморкулов ошондой эле, “РСК Банк” акчаны терминалдан чыгарып алуу боюнча системаны ишке киргизүүнү пландап жатышканын кошумчалады.

Ал ошондой эле, аймактарда мобилдик банкингге болгон суроо-талап өсүп жатканын айтты.

“Учурда биздин жалпы кардарлардын 7 пайызы, башкача айтканда 40 миң кардар мобилдик банкингди колдонот. Былтыр мынчалык кардар жок болчу. Бүгүн алардын саны өсүп жатат. Өзгөчө мобилдик банкинг Нарын жана Баткен облустарында кеңири жайылган. Мобилдик банкинг аркылуу бардык банк кызматтарын колдонууга болот. Бул акча которуу, кызматтарды төлөө жана 400дөн ашык ар кандай кызматтар бар”, — деди ал.

Ссылка: https://barometr.kg/aziz-omorkulov-rsk-banktyn-mobildik-banking-kyzmatyn-40-mi-kardar-koldonot



Добавить комментарий