Бишкектин 21 көчөсүндө жолдорду оңдоо иштери жүрүп жатат
Милициянын кайгуул кызматы шаардын 21 көчөсүндө жолдорду оңдоо иштери жүрүп жаткандыгын эскертет. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Азыркы учурда Бишкек шаарынын аймагында жолдорду оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткандыктан, борбор шаардын 21 көчөсүнүн оңдоого тийиштүү бөлүктөрү жабылып, ошол аймакта жол-курулуш техникалары тартылып, жолдор кеңейтилип, асфальттар төшөлүп жатат. Ошол себептүү унаа жүрүүчү жолдордо жол тыгындары пайда болуп жаткандыгын белгилейбиз. Андыктан шаар тургундарына жана айдоочуларга жолго чыгуу учурунда алдын ала пландоо менен альтернативдик жолдор менен чыгууну сунуштайбыз.
Азыркы учурда төмөнкү көчөлөр жабык:
- Айбийке көчөсүнүн Гагарина көчөсүнөн тартып, Эркин-Тоо көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Огонбаев көчөсүнүн Осмонкулов көчөсүнөн тартып, Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Фере көчөсүнүн Тоголок Молдо көчөсүнөн тартып, Элебесов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Стадионная көчөсүнүн Магистраль көчөсүнөн тартып, Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Буденный көчөсүнүн Чүй проспектисинен тартып, Жибек-Жолу көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Койбагаров көчөсүнүн Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн тартып, Каралаев көчөсүнө чейинки болүгү;
- Бакаев көчөсүнүн Абдрахманов көчөсүнөн тартып, Масалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Ажыбек Баатыр көчөсүнүн Манас көчөсүнөн тартып, Жунусалиев көчөсүно чейинки бөлүгү;
- Ташкент көчөсүнүн Турусбеков көчөсүнөн тартып, Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки аралык;
- Сухэ Батор көчөсүнүн Каралаев көчөсүнөн тартып, 7-Апрель көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Көкчетавский көчөсүнүн Махатма Ганди көчөсүнөн тартып, Орозбеков көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Каркыра көчөсүнүн Өмүракунов көчөсүнөн тартып, Өмүр көчөсүнө чейинки бөлүгү (Ак-Ордо ж.к);
- Новоя көчөсүнүн Ленская көчөсүнөн тартып, Жеңиш жаңы конушуна чейинки бөлүгү ;
- үгөлбай Ата көчөсүнүн Орозбеков көчөсүнөн тартып, Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү ;
- Култегин көчөсүнүн Гидростроитель көчөсүнөн тартып, Энасай-20 көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Дордой 2 көчөсүнүн Обьезднойдон тартып, №4 көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Ак-Тилек көчөсүнүн Элебесов көчөсүнөн тартып, Эркиндик Бульварына чейинки бөлүгү ;
- Карасаев көчөсүнүн Байтик Баатыр көчөсүнөн тартып, Карадарыя көчөсүнө чейинки бөлүгү.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkektin-21-kchsnd-zholdordu-odoo-ishteri-zhrp-zhatat
Добавить комментарий ×