Бишкектеги “Мадина” базарда товар талашкан соодагерлердин видеосу тарады

14 марта 2020 22:20 3267 Barometr
Поделиться в:
ok

Учурда социалдык тармактарда коронавирустан улам Бишкектеги “Мадина” базарда соодагерлер товар талашып жатат деген видеолорду жарыялай баштады. 

Бир мүнөттүк видеодо товар алып келгенде аны талап, бири-биринен талашып, тартып алууга аракет кылып жаткан соодагерлерди көрүүгө болот. 

Тачкага салынып келген кездемелердин рулондорун туш тараптан сууруп алып жатышканы даана көрүнөт. 

Бирок бул видеонун коронавируска эч кандай тиешеси жок экенин, ал 2018-жылы "черная пятницада" болгон окуя экени аныкталды.

Ал эми буга чейин соодагерлер коронавирустан улам Кытай менен болгон чек ара жабылгандан кийин Кыргызстандын базарларында кездемелердин таңкыстыгы байкала баштаганын айтышкан. 

Тигүү цехтерин иштеткен ишкерлер кездемелерди камдап алып коюшканы менен алар дагы бүтүп баратканын айтышкан эле. 

Андан сырткары жакын арада Кытай менен болгон чек ара ачылбаса, жаңы товарлар келбесе цехтердин ишине тоскоолдук болушу ыктымалдыгын дагы белгилешкен.

Ал ортодо өкмөт жана Бишкек мэриясы жарандарды сабырдуу жана тынч болууга чакырууда. 

Себеби, айрым жарандар Казакстанда коронавирус табылгандан кийин кыргыз-казак чек арасы жабылып, ун келбей калыптыр деген маалымат тараган. Андан кийин жарандар ири соода жайларынан азык-түлүктү көп сатып алууга өткөн болчу.


Ссылка: https://barometr.kg/bishkektegi-madina-bazarda-tovar-talashkan-soodagerlerdin-videosu-tarady



Добавить комментарий