Бишкекте өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин программасы

14 июня 2019 11:12 4948 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 14-июнда мамлекеттик Ала-Арча резиденциясында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйыны өтүп жатат.    

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков саат  10:00дө Ала-Арча конгресс-холлунда саммиттин конокторун кабыл алды.

Андан соң конгресс-холлдун чакан-залында ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын тар форматта жыйын башталды.

Саат 12:00дө ШКУга байкоочу мамлекеттердин башчыларынын келиши күтүлөт.

Жолугушуунун жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлат.

15:00дө Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун расмий кабыл алуусу болот.

ШКУнун жыйынына Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков, Россиянын президенти Владимир Путин,   Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев, Индиянын өкмөт башчысы Нарендра Моди, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Пакистандын өкмөт башчысы Имран Хан катышууда.

Ошондой эле байкоочу катары Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга, Белорусиянын президенти Александр Лукашенко, Афганистандын президенти Мохаммед Ашраф Гани, Ирандын президенти Хасан Рухани катышууда.

 

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-tp-zhatkan-shanhaj-kyzmattashtyk-uyumunun-sammitinin-programmasy



Добавить комментарий