Садыр Жапаров ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын самиттине катышууда (түз эфир)
Поделиться в:
Бүгүн, 10-ноябрда, Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйыны видеоконференция форматында өтүп жатат.
Жыйынга, Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров да катышып жатат.
Россиянын президенти Владимир Путин буга чейин айткандай, жолугушуунун жүрүшүндө саммиттин катышуучулары эпидемияга каршы күрөшүү боюнча уюмдун комплекстүү планын бекитишет, ошондой эле коронавирус боюнча атайын билдирүү кабыл алышат.
ШКУга сегиз өлкө - Россия, Кытай, Индия, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан, Тажикстан, Өзбекстан кирет. Дагы төрт өлкө (Беларуссия, Афганистан, Иран жана Монголия) байкоочу мамлекет статусуна ээ.
Добавить комментарий ×