Жапаров ШКУнун саммитинде: "Бийликти өткөрүп берүү тынч жана өлкөнүн мыйзамдарына ылайык ишке ашты"
Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров ШКУ мамлекеттеринин башчыларынын видеоконференция форматындагы жыйынында өлкөдө абал туруктуу экенин белгиледи. Бул тууралуу "Барометр" билдирет.
“Октябрь айында Кыргызстанда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон элдин толкундоосуна байланыштуу окуялар баарыңыздарга маалым. Элдин талаптарынын натыйжасында экс-президент кызматтан кетүүнү чечкен. Менин жарлыгым менен ага экс-президент статусу берилди. Бийликти өткөрүп берүү тынч жана өлкөнүн мыйзамдарына ылайык ишке ашты », - деди Садыр Жапаров.
Ошондой эле, ал учурда Кыргызстандагы абал туруктуу экендигин белгиледи. "Бийликтин бардык бутактары легитимдүү, аткаруу органдары кадимкидей эле иштеп жатышат", - деди ал.
"Кыйынчылыктарга карабастан, бул жылы уюм көптөгөн иштерди жасады, буга бүгүн кабыл алына турган документтердин так тизмеси күбө", - деди Садыр Жапаров.
«ШКУга мүчө мамлекеттерге оор күндөрдө Кыргызстанга кол сунгандыктары үчүн ыраазычылык билдирем. Президенттин милдетин аткаруучу катары, мен келечекте коомдогу туруктуулукту чыңдоо жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу маселелерин чечүүгө болгон күч-аракетимди жумшайм ”, - деп кошумчалады Жапаров.
Добавить комментарий ×