Бишкекте таксисттер жүргүнчүлөргө секс кызматтарды дагы сунуштап жатышабы?

3 декабря 2018 10:52 3399 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Бишкекте таксилер секс кызматтарды дагы сунуштап жатышат. Бул тууралуу Фейсбук колдонуучу Эрик Абдыкалыков жазды. 

Анын айтымында, карындашы такси чакырса чөнтөк телефонуна секс кызмат сунуштаган билдирүү келген. Бирок, келген таксист үй-бүлөлүү экендигин жана балдары бар экендигин билдирип, билдирүүнү анын номери менен башкалар жиберип койгондугун айтып, танып кеткен. 

Соцтармакта көпчүлүк мындай окуяларга жүргүнчүлөр таксисттер тарабынан акыркы убактарда көп кабылып жаткандыгын айтып, көзөмөл кылуу керектигин билдиришти. 

Ал эми Эрик Абдыкалыков бул окуя боюнча Биринчи Май райондук ИИБине арыз менен кайрылгандыгын билдирди.



Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-taksistter-zhrgnchlrg-seks-kyzmattardy-dagy-sunushtap-zhatyshaby



Добавить комментарий