Москвада 50 жаштагы кыргызстандык айдоочуну өлтүрүп кетишти

22 ноября 2022 16:32 1245 Barometr
Поделиться в:
ok

Москвада кыргызстандын жаранын өлтүрүп кетти. Бул тууралуу орус басылмалары жазган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалыматты тастыктады.

“Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин алдын ала маалыматы боюнча, киши колдуу болгон кыргызстандык 1972-жылы туулган Б.У.У. таксист болуп эмгектенип жүргөн.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Россия Федерациясынын укук коргоо органдары тарабынан бул кылмышка шектүү адам аныкталып, кармалган.

Бул факты боюнча Москва шаарынын Кунцевский райондор аралык тергөө бөлүмү тарабынан Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бул маселе элчиликтин көзөмөлүндө”, -деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/moskvada-50-zhashtagy-kyrgyzstandyk-ajdoochunu-ltrp-ketishti



Добавить комментарий