Балбак Түлөбаев: Сураныч, маршруттук каттамдын айдоочулары, линияга чыгып бериңиздер
Бишкек шаарынын мурдагы мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев маршруттук катамдардын ээлерине, айдоочуларына кайрылды. Бул тууралуу Балбак Түлөбаевдин соцтармактагы баракчасына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“Урматтуу маршруттук каттамдын айдоочулары, биз сүйлөшкөндө май айында шаардык кеңеш шайлангандан кийин тарифти жогорулатабыз дегенбиз. Бирок, шайлоо жараксыз болуп калды. Учурда бардыгы даяр, шайлоо болгонго чейин чыдай турсаңыздар. Азыркы мэр деле мурунку айтылган сөздөрдүн артынан келе жатат. Азыркы мэр дагы эч нерсе кыла албайт, себеби, шаардык кеңеш жок. Күн ысыкта шаардыктарды кыйнабаңыздар! Сиздерден суранам, линияларга чыгып бериңиздер. Рахмат”,- деп айтылат видео кайрылуусунда.
Эске сала кетсек, кечээ, 2-июнда коомдук маршруттук унаанын айдоочулары иш таштаган. Алар жол кирени жогорулатууну талап кылган. Ал ортодо такси кызматын көрсөткөндөр жол акыга болгон тарифти эки эсе кымбаттатканы коомдо талкуу жаратты.
Добавить комментарий ×