Экс-судья Жаркееванын соттук ишинде эксперт суракка алынды
Бишкекте Жаркеева, Маманов, Анарбаеванын соттук иши күбөлөрдүн келбегендигине байланыштуу, 6-августка жылдырылды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирди.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өндүрүшүндө айыпталуучулар Э. С. Жаркеева, Р. Ы. Маманов, М. Г. Анарбаева, Э. Токтосадык кызы, Б. Ж. Айталиев жана Л. В. Рафиковага карата кылмыш иши каралып жатат. Алар коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча айыпталууда.
Бүгүн сот тарабынан эксперт Н. С. Игнотенко суракка алынды, башка күбөлөрдүн келбегендигине байланыштуу, соттук отурум 6-августка саат 10:00гө жылдырылды.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-sot-oturumu-6-avgustka-zhyldyryldy
Добавить комментарий ×