Сот “Кумөрдү” мамлекетке 261 млрд сом төлөөгө милдеттендирди
Сот “Кумтөр Голд Компани” ишканасын мөңгүлөргө зыян келтиргени үчүн доого жыкты. Бул тууралуу Октябрь райондук сотунун маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Соттун чечимине ылайык, "Кумтөр Голд Компани" ишканасы 261 миллиард 719 миллион 674 сомду мамлекеттин пайдасына өндүрүп берет. Себеби, аталган ишкана алтын кенди иштетүүдө Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндөгү калдыктарды сактоодо мыйзамсыз аракет кылганы айтылат.
"Мындан сырткары "Кумтөр Голд Компани" компаниясы 1 миллиард 308 миллион 653 миң 370 сом өлчөмүндө полшина төлөйт.
Жергиликтүүлөр, соттон КРнын экологиялык мыйзамдарын бузуган, көп жылдар бою Кумтөр кенинин ишинен чыккан калдыктарды сактаган "Кумтөр Голд Компани" ЖАКка карата доо арызын канааттандырууну өтүнүшкөн.
Айтмакчы, компания мөңгүлөрдү 1 миллиард 200 миллион тонна бош экспорттогон. ЖАКтын бул иш-аракеттеринин натыйжасында 183 миллион куб метр муз талкаланган.
Бул чечим боюнча тараптар Бишкек шаардык сотуна 30 күндүн ичинде даттана алат", - деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/sot-kumrd-mamleketke-261-mlrd-som-tlg-mildettendirdi
Добавить комментарий ×